22-декабрь күнү коомдук ишмерлер менен режиссерлордун жолугушуусу болот. Эртең режиссер аялдардын тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат.
Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө болот.
Режиссер аялдардын I кинофоруму 2016-жылы уюштурулган. Максаты - Кыргызстандагы режиссёр-айымдарга колдоо көрсөтүү, алардын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүү, дем берип, шыктандыруу, тартылган тасмаларды, эмгектерди жарыялоо, жаш режиссерлорду таанытуу.
Мындан тышкары форум өлкөдөгү гендердик маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктары бузулуп жатканын тасмалар менен чагылдырууну максат кылат.
Кыргыз режиссер айымдарынын I Кинофоруму былтыр болгон. (ZKo)