Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин милдетин Бакыт Мураталиев аткарып жатат. Ал буга чейин ушул мекемеде башчынын орун басары болчу. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.
Мурдагы жетекчи Дүйшөнбек Зилалиев 21-декабрда белгилүү болду. Ал өзүнө байланыштуу чырлуу жагдайдан улам кызматтан кеткенин билдирген.
Президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи күнү жолго "бомба коюлганы" тууралуу маалымат чыгып, кийин ал жалган экени билинген. Кийинчерээк бул кабардын чыгышына Зилалиев аралашканы айтылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны суракка да чакырган.
Зилалиев өзү "бомба" тууралуу кабар түшунбөстүктөн улам бурмаланып кеткен маалымат экенин билдирген. (SE)