Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

Ооганстанда он бир полициячы мерт болду


Ооган армиясы Гильменд провинциясындагы операцияу чурунда. 23-ноябрь, 2017-жыл.
Ооган армиясы Гильменд провинциясындагы операцияу чурунда. 23-ноябрь, 2017-жыл.

Ооган бийлиги маалымдагандай, "Талибандын" согушкерлери 17-декабрда өлкөнүн түндүгүндөгү Гильменд провинциясында эки көзөмөл бекетке кол салышкан.

Бул кол салуу учурунда полициянын он бир офицери мерт болуп, экөө жаракат алды.

Бул провинциянын полиция башчысы Гафар Сафинин айтымында, атышуу учурунда "Талибандын" он беш согушкери да жок кылынган.

Гильменд провинциясында полициянын көзөмөл бекеттерине кол салганын "Талибан" өзү дагы билдирди.

Ал эми коңшу Кандагар провинциясында жанкечти айдаган унаа чет элдик күчтөрдүн кербенинин жолунда жарылганда бир ооган аял өлүп, беш жайкын тургун жарадар болду.

НАТОнун Ооганстандагы миссиясы мындай кол салуу болгонун, алардын кызматкерлери жабыр тартпаганын ырастады.

Бул кол салуу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. (UE)

XS
SM
MD
LG