Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Курулуштагы кырсык үчүн "Авангард стиль" компаниясы 30 миң сом айып төлөйт


Ураган курулуш. 23-октябрь, 2017-жыл.
Ураган курулуш. 23-октябрь, 2017-жыл.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы "Авангард стиль" курулуш компаниясына 30 миң сом айыппул салды. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, аталган фирма турак жайды куруу учурунда техникалык коопсуздук жана жумушчулардын коопсуздугу боюнча эрежелер сактабаганы аныкталган.

23-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясы салып жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулаган эле. Андан 12 киши жабыркап, экөө оор абалда реанимацияга түшкөн. Кийинчерээк алардын абалы жакшы экени айтылган.

Буга байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы аталган фирмага жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын архитектура жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, алар Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук), 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу) боюнча айыпталууда. Маалыматка караганда, Экотехинспекциянын айыпталып жаткан кызматкерлери "Авангард стиль" компаниясы Бишкектин Аалы Токомбаев жана Сухэ баатыр көчөсүндө куруп жаткан 14 кабаттуу үйдүн курулушуна көзөмөл жүргүзбөгөнү аныкталган. Кылмыш иши иликтенүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG