Орусиянын мурдагы экономика министри, коррупцияга айыпталып жаткан Алексей Улюкаев бүгүн сотто акыркы сөзүн сүйлөдү. Күнөөсү жок экенин кайталаган Улюкаев ага каршы “өтө ырайымсыз чагым” жасалганын айтты, сот процессин болсо “цирк” деп атады.
“Бирок мындай мүшкүл ар бириңердин башыңарга түшүшү мүмкүн, - деген экс-министр аны “тарых актаарын” кошумчалады.
РБК агенттиги анын “ушундай жаман ишке кептелгенде гана элдин жашоосу канчалык оор экенин түшүнөт экенсиң, ...мени кечирип койгула”, - деген сөздөрүн келтирет.
Улюкаев былтыр ноябрда “Роснефть ”компаниясынын кеңсесинде кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча ал компаниянын жетекчиси Игорь Сечинден “Башнефтти” менчиктештирүү боюнча оң чечим чыгарыш үчүн акча талап кылган. Экс-министр өзүнүн кармалышы Сечин менен атайын кызматтын чагымы болгонун айтып келатат. Сечин сотко көрсөтмө берүүгө чакырлыганы менен, бир да жолу барган жок.
Прокурор бүгүнкү жыйында Улюкаевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин айтышты. Ал аны 10 жылга колонияга кесүүнү жана андан 500 миллион рубль өндүрүүнү талап кылды.
Улюкаевдин адвокаттары болсо "прокуратура анын күнөөсүн далилдеген фактыларды келтире алган жок" деп, аны актоону өтүнүштү.
Бул иш боюнча өкүм 15-декабрда чыгарылмакчы.