Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Мирзиеев 2700 кишиге ырайым берди


Шавкат Мирзиёев. 5-апрель, 2017-жыл.
Шавкат Мирзиёев. 5-апрель, 2017-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев соттолгон 2700 кишинин айыбын кечүү (ырайым берүү) тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлап жатышат.

Алардын жазганына караганда, мындай буйрук өлкө тарыхында биринчи жолу кабыл алынды жана ага Өзбекстандын конституциясынын 25 жылдыгын утурлай кол коюлду. Документ боюнча абактардан “түрдүү себептерден улам кылмышка барган жана күнөөсүн моюнга алган, оңолуу жолуна түшкөн” 950дөн көп киши бошотулат. Кээ бирлеринин жазасы жумшартылат.

Буйрукка тиешелүү материалдарды даярдоого тапшырма берип жатып, президент соттук практикада мүчүлүштүктөр бар экенин моюнга алган.

Башкы прокурор жетектеген атайын комиссия, жумушчу топтор соттолуп, жазасын түрмөдө өтөп жаткан адамдардын жеке иштери менен таанышып чыгышты.

XS
SM
MD
LG