Ош шаардык соту студентти өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган алты кишинин баш коргоо чарасын карап, тергөө аяктаганча эки айга камакта кармоо жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Убактылуу кармоочу жайда отурган шектүүлөр Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна которулат.
5-декабрда кармалгандар Оштогу Кыргыз-өзбек университетинин медициналык коллежинде 1-курста окуган Дөөлөтбек Саатбек уулунун өлүмү боюнча шектүү катары өтүп жатат. Тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгы 3-декабрда алар мас абалында чырдаша кетип, Дөөлөтбекти токмоктоп, чала жан таштап кетишкенин көрсөткөн.
Маркумдун сөөгү Ош шаарынын Насирдин Исанов көчөсүнөн табылган.
Шектүү балдардын экөө эч жерде окубайт, иштебейт, төртөө Ош технологиялык университетинин студенттери. Алар 15, 16, 18 жана 25 жашта.
Ал эми каза болгон студент, маркум Дөөлөтбек Саатбек уулу Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну болгону аныкталды.
Студенттин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда. (ErN)