Быйыл Бишкек инвестициялык форумуна (BIF) жалпысынан 200 долбоор келип түштү. Алардын он бири бүгүн Бишкекте презентация болуп жатат.
Бул долбоорлор негизинен айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүүгө, экспорттук товарларды өндүрүүгө, тейлөө тармагына, курулушка жана башка тармактарга багытталган.
Быйылкы форумга Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан, Индиядан, Түркиядан, Германиядан жана Сингапурдан бизнесмендер келген.
Форумдун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыктын келечеги да талкууланууда. Жыйынга Тажикстан менен Өзбекстандын соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү жана Казакстандан келген инвесторлор катышып жатат.
BIF форуму алгачкы жолу 2015-жылы өткөрүлүп, жыйынтыгында ондон ашуун компания арасында 750 миң долларлык, былтыр болсо 3 млн. доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлган. (ZB)