Эл аралык Олимпиада комитети Орусияны келерки жылдын февралындагы кышкы Олимпиадага катыштыруу же ага тыюу салуу маселесин 5-декабрдагы жыйынында чечиши керек.
Мындай маселе күн тартибине Орусияда мамлекет колдогон допинг саясаты болгону тууралуу маалыматтардан улам коюлууда.
Эл аралык Олимпиада комитети буга чейин орусиялык спортчуларга жалпы тыюу салбастан, чечим кабыл алуу ыйгарымын эл аралык спорттук федерацияларга берген эле.
Бир спортчуну эске албаганда былтыркы Рио-де-Жанейродогу Олимпиададан орусиялык жеңил жана оор атлеттердин дээрлик баары четтетилген.
Бирок Эл аралык Олимпиада комитети кышкы Олимпиада боюнча катуураак позицияда турат. Анткени орусиялык спортчулардын кызытма колдонгону далилденген учурлардын көбү 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасы менен байланыштуу.
Кызытма пайдаланганы аныкталган 25 орусиялык спортчунун Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарындагы кышкы оюндарга катышуусуна буга чейин эле тыюу салынган жана бул чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин 5-декабрда күтүлгөн жарыясына көз каранды болбойт.
Президент Путин баштаган орус бийлиги спортчулардын допинг пайдаланышын мамлекет колдогон деген дооматтарды четке кагып келет. (UE)