Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Жаңы жылга карата беш күндү дем алыш деп жарыялоо каралууда


Кыргызстанда Жаңы жыл майрамына карата 31-декабрдан 3-январга чейин эс алуу күндөрүн жарыялоо маселеси каралып жатат.

Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлиги бул жаатта долбоор даярдаганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Документке ылайык, 2-3-январдагы жумуш күндөрү 30-декабрга жана 8-январга которулат. Бул өзгөртүү беш күндүк тартипте иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерине тиешелүү.

Бул жолу 31-декабрь жекшембиге, 1-январь дүйшөмбүгө туура келет.

XS
SM
MD
LG