Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Тергөө абагындагы адамдардын укуктары талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте убактылуу кармоо жайларындагы абал, анда кармалып турган адамдардын укуктары, медициналык жардам көрсөтүү шарттары талкууга алынат.

Иш-чарада Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун быйылкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы угулат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү, көз каранды эмес жана эл аралык уюмдардын эксперттери катышат.

Кыргызстандын убактылуу кармоо жайларындагы абал тууралуу соңку иликтөө 2011-жылы жүргүзүлгөн. Укук коргоочулар кыйноо фактылары көбүнчө жабык жайларда, убактылуу тергөө абагында болорун айтып жүрүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG