Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти катары алгачкы иш сапары Орусияга болот. Ал Москвага орус тараптын чакыруусу менен жөнөп жатканын бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.
Анын айтымында, 29-ноябрга пландалып жаткан сапар алкагында Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путин, премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугат. Эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.
30-ноябрда кыргыз президенти иш сапар менен Беларуска барат. Бул өлкөнүн борбор шаары Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун юбилейлик саммити өтөт. (KR)