Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Милиция: Саляновдун өлүмүндө саясий себеп каралган жок


Улан Саляновдун үйү. Сүрөт 6-ноябрда тартылган.
Улан Саляновдун үйү. Сүрөт 6-ноябрда тартылган.

Оппозициядагы саясатчы Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча ишти иликтөөдө саясий себеп каралган жок, каракчылык деген божомол бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясында маалымат берип жатып тергөө тобунун жетекчилиги билдирди.

Жыйынга УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ өкүлдөрү катышууда.

Алар иликтөө уланып жатканын, кылмышкерлер кармала электигин айтышты.

Фракция мүчөлөрү депутат Салянованын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүп, бул окуяны каракчылык деп атоого болбой турганын, "саясий себеп дагы каралышы керек" деген пикирин айтышты. Күч органдары Салянованын, анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздоо тууралуу өзү менен сүйлөшүү болгонун, ал макулдук берип, документтер топтолсо бул маселе чечилерин белгилешти.

Депутат Наталья Никитенко тергөө иштерине канааттанбай турганын билдирди.

Тергөө тобунун жетекчиси, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Сүйүнбек Аблатов шектүүлөр бар экенин, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү ачык айтылбай турганын кошумчалады. “Саясий мотив бар деп айтуудан алыспыз” деди ал.

Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда ​белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.

Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG