Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:31

Башкы прокуратура уурдалган унаа боюнча түшүндүрмө берди


Кыргызстандагы унаа базары, 2014-жыл, 5-июнь.
Кыргызстандагы унаа базары, 2014-жыл, 5-июнь.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы маалымдагандай, "Lexus 570" автоунаасы быйыл 22-мартта 2 миллион 771 миң сомго техникалык паспорттогу жалган маалыматтар менен сатылган.

"9-июнда кыргызстандык жаран милицияга кайрылып, автоунааны сатып алган Мурат жана Нурик аттуу өң-тааныш адамдардын үстүнөн арыз жазган. Арыздын негизинде ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы "Алдамчылык" жана "Документти, мөөрдү, бланкты ж.б. мыйзамсыз жасоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, унаа айып аянтчасына токтотулган. Ал эми эки киши кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Казакстандан уурдалган автоунааны сатып алган аялдын да, аны айдап жүргөн УКМК кызматкеринин да башкы прокурордун орун басарына туугандык жайы жок экенин белгилейт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 75 автоунаа боюнча 30 кылмыш иши учурда ИИМдин кароосунда. Алардын ичинен 27 далил зат катары алынган.

Казакстандын маалымат каражаттары жыл башында Алматынын тургуну Сакен Ахметовдун "Lexus 570" автоунаасы уурдалганын, кийинчерээк унаа Кыргызстандан табылганын, аны УКМК кызматкери айдап жүргөнүн, нукура ээси автоунаасын мыйзамдуу жолдор менен ала албай жүргөнүн жазып чыгышкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети казакстандык агенттиктер жергиликтүү милициянын маалыматына таянып жазып чыккан материал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө турганын билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG