Жол жаңылганды кечирбейт
Бүгүн Бишкекте жол кырсыктарын алдын алууга үндөгөн акция болду. Аны “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси жол кырсыгы канча адам өмүрүн алгандыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурду. Акция жол кырсыктарынан каза тапкан адамдардын сөлөкөтү тартылган арт-инсталляция менен коштолду. Акцияны өткөрүүгө Бишкек шаардык милициясы, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтери көмөктөштү. Дүйнөдө 2005-жылдан бери жол кырсыктарынын курмандыктары эскерилет, Кыргызстанда бул күн (19-ноябрда) 2012-жылдан тарта белгиленет.