Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жусупбек Шариповду Украинага элчи кылып дайындоо боюнча сунушту жактырды. Маселе 14-ноябрдагы жыйында каралганын комитеттин төрага орунбасары Каныбек Иманалиев "Азаттык" радиосуна билдирди.
Эреже боюнча элчинин талапкерлигин президент сунуш кылат. Парламенттин тийиштүү комитети колдогон соң мамлекет башчы жарлык чыгарат.
Жусупбек Шарипов - жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы. Учурда ал Кыргызстандын араб мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенет.
Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде Убактылуу ишенимдүү өкүл болуп 2016-жылдан бери Батыркан Сыргабаев иштеп жаткан. (SE)