Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Базар-Коргондо өзгөчө баалуу карагайлар кыйылды


Кыйылган карагай.
Кыйылган карагай.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда өзгөчө корголуучу карагайлар мыйзамсыз кыйылганы аныкталды.

Кызыл-Үңкүр токой чарбасындагы Кең-Кол токой бөлүмүнөн 10 түп карагай мыйзамсыз кесилгенин Ноокен жана Базар-Коргон район аралык экотехинспекция бөлүмүнүн инспектору Рахман Касымов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Аталган мекемеге жергиликтүү тургундар карагайлардын уурдалышы боюнча арыз менен кайрылышкан. Текшерүү учурунда "Тянь-Шань" аттуу карагайлар кыйылган учурлар болгону аныкталды.

Эреже боюнча андай дарактарды кыйып, пайдаланууга тыюу салынган. Экотехинспекция бөлүмү акт түзүп, күч органдарына өткөрүп берет.

Жергиликтүү тургундар карагайлардын кыйылышына Кызыл-Үңкүр токой чарба жетекчилигинин тиешеси бар экенин белгилешүүдө. Бул маалымат азырынча бышыктала элек.

Жалал-Абад облусунун аймагында карагай-черлүү токой Кызыл-Үңкүр аймагында жайгашкан. Анын жалпы аянты 350 гектардан ашат. (RsK)

XS
SM
MD
LG