Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Ирак менен Иранда жер титирөөдөн бир нече киши мерт болду


Жер титирөөдөн кийинки көрүнүш. Батыш Иран, 13-ноябрь, 2017-жыл.
Жер титирөөдөн кийинки көрүнүш. Батыш Иран, 13-ноябрь, 2017-жыл.

Ирандын мамлекеттик телеси кабарлагандай, өлкөнүн батышында, Ирак менен чек арадагы Каср-и-Ширин шаарчасында зилзаладан кеминде алты адамдын өмүрү кыйылды.

Ал эми Ирактын Күрдүстан аймагында, маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн кеминде төрт адам өлүп, ондогон киши жаракат алган.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,3 баллды түздү.

Ирактын борбору Багдадда жана башка шаарларда адамдар дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрдөн жана имараттардан сыртка чуркап чыгышкан.

Ирандын медиасы зилзала кеминде 14 провинцияда сезилгенин, сегиз кыштак талкаланганын кабарлады.

Жердин силкинүүсү Израилдин аймагында, Түркиянын Диярбакыр шаарында да сезилген. (UE)

XS
SM
MD
LG