Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Трамп: Путин менен жолугушам деп ойлойм


Жапонияга келген АКШ президенти Трамп жана аялы Мелания.
Жапонияга келген АКШ президенти Трамп жана аялы Мелания.

АКШ президенти Дональд Трамп Жапонияга келди. Ал Жапонияга бараткан жолдо Азиядагы 12 күндүк сапарында орус президенти Владимир Путин менен жолугам деген ойдо болуп жатканын маалымдады.

Азырынча эки лидерге жолугушуу мүмкүнчүлүгү болот деп 10-11 ноябрь күндөрү Вьетнамда өтүүчү Азия-тынч океан экономикалык кызматташтык форуму каралып жатат.

“Путин менен жолугушабыз го деп ойлоп жатам. Бизге Түндүк Кореяда Путиндин жардамы керек жана биз көптөгөн лидерлер менен жолугабыз” – деди Трамп. Ошондой эле “Түндүк Корея АКШнын жана дүйнөнүн чоң көйгөйү экенин айтып, биз аны чечишибиз керек” деп кошумчалады.

Азыркы визиттин жүрүшүндөгү сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы - Түндүк Кореянын Улуттар уюмунун резолюцияларында тыюу салынган өзөктүк программасы болору күтүлүп жатат. Трамп менен биринчилерден болуп жапон премьер-министри Синзо Абэ жолугат. Жапон лидери Трамптын Пхеньянга карата катаал саясатын колдойт.

5-ноябрда АКШ президенти Трамп жана аялы Мелания Жапонияда 50 000 америкалык аскердин айрымдары менен жолугушуу маалында “Жапония АКШнын өнөктөшү” деп айтты.

XS
SM
MD
LG