Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Испания Карлес Пучдемонду камоого эл аралык ордер берди


Карлес Пучдемон.
Карлес Пучдемон.

Испаниянын Улуттук жогорку соту Каталониянын бийликтен четтетилген жетекчиси Карлес Пучдемон менен мурдагы төрт министрди камакка алууга эл аралык ордер берди. Аларга көтөрүлүш жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган деген айып коюлду. Расмий Мадрид каталондук саясатчыларды кармоо боюнча Белгиянын прокуратурасына өтүнүч жиберди.

Буга чейин Карлес Пучдемон аймактык шайлоодо өз талапкерлигин коюуга даяр экенин, бирок өнөктүктү чет жактан жүргүзөрүн билдирген. Өзүн жана санаалаштарын Каталониянын "легитимдүү өкмөтү" деп эсептей турганын кошумчалаган.

Карлес Пучдемон жана каталон өкмөтүнүн беш мүчөсү 30-октябрда Белгияга чыгып кетишкен.

Бул жумада испан соту автономиянын испан королдугунан бөлүнүү аракети боюнча Каталониянын иштен алынган тогуз министринин сегизин камакка алган. Пучдемонду козголоң тууралуу иш боюнча күбө катары сотко чакырышкан. Бирок ал Белгиядан кеткен эмес, видео байланыш аркылуу көрсөтмө берүүнү сунуштаган. Мадрид бул сунушка макул болбой койгон.

Каталонияда өткөн айдагы көз карандысыздык боюнча референдумдан кийин Испания аймакта түз башкаруу ыкмасын киргизген. Каталониянын парламентин таратып, өкмөтүн иштен алган. Автономияда аймактык шайлоо 21-декабрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG