Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган президенттин инаугурациясын 24-ноябрда өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Боршайком менен биргеликте инаугурацияны уюштуруу комитети түзүлөт. Жаңы президенттин ант берүү аземи качан болору мамлекет башчынын жарлыгы менен аныкталат:
- Биз ар кайсы күндү сунуштаганбыз. Эгерде сот жараяндары уланып калса, 1-декабрь деле инаугурацияга туура келе турган күн деп ойлогонбуз. Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып эсептегенде 24-ноябрь да реалдуу дата. Инаугурация күнү президенттин жарлыгы менен такталат.
БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялап, КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков добуштардын 54,22 пайызын алып, жеңип чыкканын билдирген.
Инаугурация бул жолу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтө турганы кабарланууда. Президенттик анттан соң Сооронбай Жээнбековго БШК жетекчилиги өлкө башчысынын күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырат.
Мыйзам боюнча жаңы президент шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан тартып 30 күн ичинде ант берип, кызматына киришүүсү керек. (NT)