Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Быйыл табигат кырсыктары 900 млн сомдук чыгым алып келди


Аюу-Сай айылындагы жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери. 2-май, 2017-жыл.
Аюу-Сай айылындагы жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери. 2-май, 2017-жыл.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 318 табигый жана техногендик кырсык катталды.

Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тогуз айда аткарылган иштер тууралуу жыйынында айтылды. Аталган мекемеден билдиришкендей, кырсыктардан келтирилген материалдык чыгым 896 миллион 844 миң сомдон ашты.

2017-жылы көчкү, сел жана суу ташкындары, катуу шамал көп катталды. 104 жолу кар көчкү жүрүп, 67 ирет жер көчтү, 46 сел, 36 суу ташкыны болду. Куткаруу иштеринин натыйжасында 236 адамдын өмүрү куткарылды.

Быйыл апрель айында Өзгөндөгү Аюу-Сай айылында жети үйдү жер көчкү басып, 24 киши анын алдында калган.

Жалал-Абад облусундагы Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында жер көчкү активдешип, 1000ден ашуун кишини башка аймактарга көчүрүү зарылдыгы жаралды. (NT) ​

XS
SM
MD
LG