Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысынан бийликке багынып берүү суралды


Пол Манафорт.
Пол Манафорт.

Президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын биринчи башчысы Пол Манафортко бийликтерге багынып берүү өтүнүчү жолдонгонун “Нью-Йорк Таймс” гезити, СNN телеканалы ысымы аталбаган булактарга шилтеме жасап билдирүүдө. Мунун алдында АКШ медиасында Орусия иликтөөсү боюнча алгачкы камоолор болушу мүмкүндүгү кабарланып жаткан эле.

Алардын маалыматтарына караганда, Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор жүргүзүп жаткан иликтөөнүн алкагындагы биринчи камоолор бүгүн болушу мүмкүн.

CNN, NBC телеканалдары жана башка агенттиктер бул иш боюнча алгачкы айыптар расмий коюлганын өткөн аптада эле кабарлашкан. Бирок айыптар кимге коюлганы азырынча белгисиз бойдон калууда. Америкалык медианын маалыматтарында айыптоо актылары бүгүн жарыяланары гана айтылып жатат.

Ак үй соңку маалыматтарды азырынча түз комментарийлей элек.

2016-жылкы президенттик шайлоого Орусия кийлигишти деген ырастоолорду жана президент Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн АКШнын Юстиция министрлиги атайын прокурорлукка ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллерди быйыл май айында дайындаган.

Президент Дональд Трамп өзү анын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын такай төгүндөп жүрөт.

АКШдагы шайлоо жараянына кийлигишти деген ырастоолорду Кремл да четке кагып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG