Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрө элек


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" постунан өтө албай турган машинелер.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" постунан өтө албай турган машинелер.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" ("Кордай") көзөмөл-өткөрмө бекетинде 100дөй киши жана 40тай жеңил машине, маршруттук автобустар турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, "Ак тилек" өткөрүү жайында 500гө жакын оор жүк ташуучу автоунаалар бар. Таластагы "Чоң-Капка" бекетинде топтолгон жеңил жана оор жүк ташуучу машинелердин саны алтымыштын тегерегинде. Чалдыбарда киши жана машине тыгыны жок:

- Казак тарап "Ак жолдо" жарым саатта 30-35 кишини, бир саатта 10-15 машинени өткөрүп жатат. "Ак тилек" бекетинен бир саатта сегиз машинеге чейин коё берилүүдө.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 10-октябрда башталып, казак бийлиги ары-бери өткөн жарандарды, автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери абал оңоло элек.

Расмий Астана муну Кыргызстан аркылуу келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астанага барып, казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолугушкан, тараптар жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды, жеңил жана бош жүк ташуучу автоунааларды текшерүүдө жеңилдик берүүгө жетишкен. Бирок оор жүк ташуучу автоунаалар узун кезек күтүп, алардын катары 10 чакырымга созулуп кетти.

25-октябрда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин Армениянын борбору Ереванда өткөн отурумунда Казакстан Кыргызстан менен көйгөйлөрдү чечүү боюнча Исаков менен жетишилген "жол картага" кол коюудан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG