Талас облусунун түрдүү райондорунан чогулган аксакалдар 27-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, элди ынтымакка чакырышты.
Бөлүнүп-жарылууга жол бербөөгө үндөгөн аксакалдар 26-октябрда Бишкекте таластыктардын атынан маалымат жыйын курган кишилерди сындап, туура эмес жорук деп аташты.
Бейшемби күнү баш калаада басма сөз жыйынын өткөргөн үч-төрт аксакал президент Алмазбек Атамбаевдин таластыктардын атына айтылган сын-пикири үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.
Алмазбек Атамбаев 18-октябрда жогорку окуу жайлардын алдыңкы студенттери менен жолугушууда Манасты билүүгө чакырган жана Таластагы элдин жыйыны тууралуу сөз кылган. Анда митинг катышуучуларынын аракетин сындаган.
16-октябрда Талас шаарындагы облустук бийлик имаратынын алдында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 500-700дөй адам митинг өткөргөн. (AlS)