Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Столтенберг: Орусия менен диалог өтө маанилүү


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг Украина чыгышындагы жаңжалга байланыштуу альянс менен Орусия "дале принципиалдуу карама каршы көз карашта" экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 26-октябрда Брюсселде Орусиянын НАТОдогу өкүлү менен атайын жыйын кургандан кийин айтты.

- Биздин диалог жеңил эмес, бирок дал ошон үчүн биздин диалог өтө маанилүү. Бул ирет бир үч теманы Украина, Ооганстан жана ачыктыкты камсыздап, тобокелчиликтерди басаңдатууну сүйлөштүк, деди Столтенберг.

Батыш менен Москванын мамилеси 2014-жылы башталган Украина кризисинен бери сууп турат. Акыркы айларда Орусия менен НАТОнун аскерлери жана аскер кемелеринин бири бирине жакын келген учурлары чыңалууну күчөткөн. Альянс ошол эле учурда Москваны аба мейкиндигинде да агрессивдүү аракеттерди көрүүдө деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG