Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

АКШнын мамкатчысы Индия жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жана Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараи
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жана Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараи

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Индияда өлкө жетечилиги менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Сушма Свараи менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон өкүлү Пакистандагы экстремисттик топтор Исламабад өкмөтүнүн өзүнө коркунуч жаратышы мүмкүн деген тынчсыздануусун айтты.

"Бул болсо эч кимдин кызыкчылыгына дал келбейт", - деген Тиллерсон региондогу экстремизмге каршы күрөштө Индия АКШга “ийиндеш турганы" үчүн Свараиге ыраазычылыгын айтты.

АКШ жана Индия ушу тапта өз ара мамилелерин тереңдетүүнү жана Кытайдын өсүп жаткан таасирине туруштук берүүнү көздөшүүдө.

Делиге чейин мамкатчы Исламабадда болгон.

АКШ Пакистан өз аймагында исламчыл согушкерлерге “башпаанек берүүдө" деп сындап келатат. Исламабад бийлиги муну четке кагууда.

Ошол эле маалда Тиллерсон Пакистандын региондогу ролун, эки өлкөнүн коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG