Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

Кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрө элек


Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлагандай, 25-октябрга карата кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда 500дөй жүк машине топтолуп турат. "Ак-Жолдо" түш ченде 50гө жакын жүк ташуучу жана жеңил унаа топтолгон. "Чоң-Капкада" 70тей машине бар.

Чек ара кызматы өткөрүү пункттарында улам-улам машинелер көбөйүп жатканын билдирди.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол", "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган. Казак тарап муну Кыргызстандагы шайлоо менен байланыштырган.

Эки өлкөнүн премьер-министрлери ЕАЭБ жыйынынын алкагында Ереванда жолугуп, чек арадагы абалды жөнгөрүүнүн "жол картасын" талкуулашты. Маселени тезирээк чечүү боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берилгени расмий кабарланды.

Кыргызстандык ишкерлер чек арадагы кырдаалга байланыштуу канча чыгым тартканын Экономика министрлиги 18-октябрда эсептей баштаган. Жыйынтыгы чыга элек. (SE)

XS
SM
MD
LG