Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Парламент Дайыр Кенекеевди вице-премьерликке жактырды


Дайыр Кенекеев
Дайыр Кенекеев

Жогорку Кеӊеш вице-премьер-министрлик кызматка Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кенекеев өлкө аймагындагы көйгөйлүү маселелерди жакшы билерин, өз ыйгарым укуктарынын чегинде аларды чечүү жаатында бар аракетин жасай турганын билдирди.

Парламентте маалымат берген вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Кенекеев кайсы тармакка жооптуу болору кызматка бекигенден кийин аныкталарын билдирди.

Кенекеев реалдуу сектор, инфраструктуралык жана аймактык өнүгүү тармагы боюнча вице-премьер-министрлик кызматка сунушталып жатканын буга чейин "Азаттык" радиосуна Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева билдирген.

Соңку жылдары өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп иштеп келген Кенекеев азыр Дүйшөнбек Зилалиев ээлеп турган кызматка, ал эми Зилалиев коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрликке өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG