Пекинде өтүп жаткан 19-курултайында Кытай коммунисттик партиясы лидери Си Цзинпиндин өлкөнүн дүйнөдөгү таасирин арттыруу идеяларын уставына киргизди. Муну менен Мао Цзедундан бери кытай жетекчисинин ысымы партия жобосунда биринчи ирет аталууда.
24-октябрда аяктап жаткан курултай ар беш жылда бирден өткөрүлөт. Анда өлкөнүн алдыдагы багыты, жетекчилиги аныкталат. Бул ирет партия Борбордук Комитеттин 205 мүчөсүн жана 171 мүчөлүккө талапкерин жарыялады.
Ошондой эле Борбордук Комитет 25-октябрда Си Цзинпинди экинчи беш жылдыкка партия лидерлигине шайлап, өлкөнүн башкаруучу органы - Саясий бюронун туруктуу комитетинин курамын аныктары күтүлүүдө.
64 жаштагы Си Цзинпин Кытайды 2012-жылдан бери жетектеп келет.