Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
20-октябрда саат 06:05 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 103-чакырымда “Фольксваген пассат” үлгүсүндөгү автоунаа менен экинчи жүк ташуучу “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасы кагылышкан. Жол кырсыгынан эки машинеде бараткан беш адам жабыркаган.
Ушул эле жолдун Чүй облусунун Кемин районуна туш келген 86,5-чакырымында бүгүн саат 11:16да "Хово" цемент ташуучу автоунаасы менен КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы кагылышкан. Анын натыйжасында эки айдоочу жана бир жүргүнчү жабыркаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кыпчылып калган жабыркагандарды чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Каза болгондор жок. (ErN)