Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына “КазВодХоз” мамлекеттик ишканасынын Жамбулдагы филиалынын жетекчи орун басары Галия Зарубаева билдирди.
Буга чейин казак бийлиги агызылган сууну кабыл алууга даярдыгын, Киров суу сактагычынан бүгүнтөн тарта суу коё берилери тууралуу маалымат аларга жеткенин билдиришкен.
Таластагы Киров суу сактагычынын 90% жакын кубатын Казакстан пайдаланат.
Кыргызстандын Айыл жана суу чарба министрлиги оңдоп-түзөп иштерине байланыштуу Киров суу сактагычынан суу 18-октябрдан тарта агызыла баштарын кечээ жарыялаган жана бул кыргыз-казак чек арасындагы азыркы кырдаалга эч байланышы жок деп ырастаган. (UE)