Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Украинада митингге чыккандар полиция менен кагылышты


Киев
Киев

Шейшембиде Киевде депутаттык кол тийбестикти алып салууну, антикоррупциялык сот түзүүнү жана президенттин отставкасын талап кылып чыккандар митинг аягында полиция менен кагылышты. Тартипти камсыздоо үчүн миңден ашуун митингчилерге 3,5 миң полиция жөнөтүлгөн болчу.

Жаңжал нааразылар парламенттин алдына чатыр тикмекчи болуп, тартип сакчылары ага тоскоол болгон кезде чыкты. Бир нече активист тосмодон ашып өтүп, тартип сакчыларынын калкандарын тартып алмакка аракет кылган. Натыйжада онго жакын адам жабыркады.

Украин президенти тынч демонстрацияга чыккандарды түшүнүп, сыйларын, депутаттык кол тийбестикти жоюуну караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү колдогонун билдирди.

- Бул позицияларды бекемдөө үчүн депутаттык кол тийбестикти жокко чыгарууну так көрсөткөн мыйзамдык өзгөрүүлөрдү Конституцияга киргиздим, - деди Порошенко.

Ал ошондой эле бардык сот реформалары Европа Кеңеши жана Венеция комиссиясы менен тыгыз кызматташтыкта жүрүп жатканын белгиледи. Бирок өзүнүн отставкасы боюнча үн каткан жок.

XS
SM
MD
LG