Жалал-Абад облусу боюнча саат 10го карата 33 миңге чукул шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары, шайлоо штабынын жетекчиси Мамасалы Акматов билдирди. Бул жалпы шайлоочулардын 6% түзөт.
- Негизинен шайлоочулар активдүү эле добуш берип жатышат, - деди Акматов.
Облуста жалпы 426 шайлоо участкасында 495 миңден ашык шайлоочу катталган.
Кечээ 14-октябрда облуста шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 2500 адамдын 87% алдын ала добуш беришти. (RsK)