Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:12

Ырчы Алибекованын иши боюнча үч милиция жоопкерчиликке тартылды


Клара Алибекова, видеодон алынган сүрөт.
Клара Алибекова, видеодон алынган сүрөт.

Ырчы Клара Алибекованын окуясы боюнча ИИМдин ичинде кызматтык иликтөөдөн кийин үч милиция кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Учурда иш материалы тергөө органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлдү. Анын натыйжасында үч милицияны мындан ары иштетүү же жумуштан алуу маселеси каралат.

ИИМ иликтөө учурунда милиция кызматкерлери Клара Алибековага жардам бербестен машинеден түшүрүп салган деген маалымат ырасталбаганын кабарлады. Алибекова "коркутту" деп айткан адамды суракка алгандан кийин анын ырчыны кубалап, зордуктоого аракет кылганы аныкталган жок деген жыйынтыкка келди.

5-октябрга интернетке ырчы Клара Алибекованын видеосу чыккан. Анда анын белгисиз бирөө зордуктоого аракет кылганын милиция кызматкерлерине айтып берип жатканын көрүүгө болот. Алибекованын айтуусунда, белгисиз адам аны муунтуп, зордуктоого аракет кылганда милициянын автоунаасын көрүп, жүгүрүп барган. Бишкекте болгон бул окуяны социалдык түйүндүн колдонуучулары талкууга алып, милициянын жоопкерсиздигин айыптап чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG