Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Өкмөт: Дача-СУ кырсыгында жабыркагандар тиешелүү жардам алышты


Мындай маалымат Дача-СУ окуясы боюнча өкмөттүк комиссиянын жана мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынтыктоочу жыйынында айтылды. Президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиевдин жыйында билдиргени боюнча, комиссиянын иши президент Атамбаевдин жеке көзөмөлүндө болду.

Абулгазиевдин айтымында, сегиз ай ичинде учак кырсыгынан жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө убактылуу баш калка берилип, медициналык, моралдык-психологиялык жана башка жардамдар көрсөтүлгөн.

Компенсациялык төлөмдөрдү алууга толук шарт түзүлгөн. Ошондой эле кыйраган учактын ээси болгон түрк аба компаниясы менен 135 тынчтык келишимине кол коюлду, ал эми кырсыктан жабыркагандар тиешелүү суммадагы компенсациясын алышты. Абулгазиев ошондой эле учак кырсыгынан жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине келип түшкөн каражаттар да адилет жана ачык бөлүштүрүлгөнүн, берилген акчанын суммасы жабыркагандардын каалоосуна ылайык, ачык айтылбасын билдирди.

Ал эми жашы жете элек балдардын компенсациясы атайын депозиттик эсепке салынды, аны балдар 18 жашка толгондон кийин ала алышат. Мындан тышкары жабырлануучулардын кырсыкта жоголгон документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүлдү.

Быйыл 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Гонконг - Стамбул багытында учуп бараткан бул унаа ал күнү Бишкекке май куюу үчүн конуп жатканы айтылган.

Кырсыктан жабыркагандарга кыргызстандыктар жардам чогултуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG