НАТО Орусия менен "жаңы кансыз согушту" каалбайт. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын төрт күндүк жыйынынын соңунда сүйлөп жатып билдирди.
"Бизди аскерий машыгуу тууралуу сөз болгондо, Орусиянын ачык болбогону тынчсыздандырат",-деди Столтенберг 9-октябрда Румыниянын баш калаасы Бухарестте сүйлөгөн сөзүндө.
Ал сентябрь айында өткөн Орусия менен Беларустун Батыш-2017 аскерий машыгуусун белгилеп өттү.
Ошону менен катар Столтенберг "Орусия биздин коңушубуз, биз Орусияны обочолонтууну каалабайбыз. Биз "жаңы кансыз согушту" көздөбөйбүз"-деди. Ал 29 мамлекет мүчө болгон альянс Орусиянын Украинадагы аракеттерине каршы Кара деңиздеги аракеттерин активдештиргенин билдирди.
Румыния менен Болгариянын учкучтары соңку айда Кара деңиздин үстүндө аба машыгууларын өткөрүштү.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Андан бери Украинанын чыгышындагы жарандык согушта орусиячыл козголоңчуларды колдоп келет.