Ош шаарынын өзүн Дурбек Алимжанов деп тааныштырган тургуну белгисиз адамдар тарабынан сабалып, кыйноого алынганын билдирип чыкты.
Бул тууралуу НТС телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, Алимжанов 3-октябрда беш киши аны ээн жерге алып барып, уруп-сабап, желим ок менен атып кыйнаганын, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов боюнча жалган сөздөрдү айттырып, аны телефондоруна тартып алышканын билдирген. Мындан тышкары белгисиз кишилер Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө бир күн убакыт беришти деп айткан.
Алимжанов милицияга арыз жазып, президенттен тиешелүү чараларды көрүүнү суранган. Азырынча анын айткандарынын чын-төгүнү белгисиз.
Ош шаардык милициясы бул боюнча маалымат бере элек. (NT)