Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен кетти


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Камактагы парламент депутаты Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигин өткөрүп берет. Бул тууралуу ал Улуттук Коопсуздук кызматынын абагынан жазган кайрылуусунда билдирет.

"Алдыбызда чоң саясий, тарыхый окуялар күтүп турат. "Ата Мекен" фракциясы ал окуяларда татыктуу орун ээлеп, тарыхка өз салымын кошушу керек. Белгилүү себептер менен мен ал окуяларга толук кандуу катыша албайм. Ошондуктан мен "Ата Мекен" фракциясынын лидерлик кызматынан баш тартам" - деп жазат Текебаев.

20-сентябрда жазылган кайрылуу "Ата Мекен" фракциясында 3-октябрда окулуп, андан соң фракцияны дагы бир атамекенчи депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектемей болду.

Өмүрбек Текебаев жана партиялашы Дүйшөн Чотонов орусиялык жарандан миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту үй-мүлкүн конфискациялап, алардын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырды. Текебаев-Чотонов, алардын тарапташтары жана бир катар саясатчылар бул ишти саясий куугунтук, далилсиз соттоо деп айтып келишет.

XS
SM
MD
LG