Ирактын мурдагы президенти, күрддөрдүн лидери Жалал Талабани 83 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ирак мамлекеттик телеканалы ал 3-октябрда Германиядагы ооруканада дүйнө салганын кабарлады.
Талабани күрддөрдүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн саясатчылардын бири. 2005-жылы, Саддам Хусейн бийликтен оодарылгандан эки жылдан кийин президенттикке шайланган. Ал Ирактын жетинчи президенти. 2014-жылы кызматынан кеткен.
Ирак парламенттик башкаруудагы өлкө.