Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Карабеков Бабанов боюнча сурак берди, Жээнбеков боюнча сотко чакыртылды


Кабай Карабеков
Кабай Карабеков

Журналист Кабай Карабеков 2-октябра УКМКда суракта болду. Ал бүгүн "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, атайын кызматка “ыкчам иликтеп издөө аракеттеринин” алкагында чакыртылып, “Коммерсант” басылмасына чыккан “Кыргызстандын атайын кызматы шайлоого киришти” деген макаласынын тегерегинде 1,5 саат сурак берди.

Карабековдун айтымында, ал макалада президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ошто шайлоочулар алдында сүйлөгөн сөзүнө улут аралык өңүт берүү аракети көрүлүп жатканын жазган.

Ал эми бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда Карабековго карата президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун доо арызы боюнча алгачкы соттук отурум өттү.

Карабеков өзүнө карата жүрүп жаткан мындай аракеттерди мыйзамсыз деп атоодо:

- Доо арызга да, сурак жүргүзүүгө да эч кандай негиз жок болчу. Бирок азыр бизде чечимди сот эмес, бийлик чыгарып жатпайбы.

11-сентябрда 24.kg сайтында "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген аталыш менен макала чыккан чыккан. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган "Социалдык реформалар коому" менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Сооронбай Жээнбеков муну "ушак жана жалган жалаа" деп атап, моралдык зыян катары Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинен ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү талап кыууда.

Бабанов өткөн аптада Ошто Он-Адыр кичи районунда шайлоочулар менен жолуккан. Анда сүйлөгөн сөзүн кыргыз-өзбек улут аралык мамилесине шек келтирүүдө деп комментарийлеген видеолор интернетте көп тараган. Ал эми Бабановдун штабы аларды монтаждалган деп атап, каралоо жүрүп жатканын билдирген.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова административдик ресурска байланыштуу арыздар бар экенин, териштирүү жүрүп жатканын айтууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда Токмок шаарында эл менен жолугушууда сүйлөп жатып “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG