Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Садыкжан Камалов үгүт ишине катышканы үчүн эскертүү алды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жазуу жүзүндөгү эскертүүнү Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бергенин аталган комиссиядан "Азаттыкка" маалымдашты.

Маалыматта Ош шаарындагы «Кыргызстан эл аралык ислам кызматташтыгынын борбору» диний уюмунун жетекчиси, Кара-Суу шаарындагы «Садыкжан каары Камалуддин» медресесинин мүдүрү, «Имам Азам» мечитинин негиздөөчүсү Садыкжан Камалов Ош шаарында президенттикке талапкерлердин биринин эл менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөнү айтылып, шайлоо мыйзамына ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү шайлоо үгүтүн жүргүзүүгө укугу жоктугу белгиленген.

Садыкжан Камалов президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт иштерине аралашып жүргөнү айтылууда.

Өткөн апталарда дагы бир диний аалым, Уламалар кеңешинин мүчөсү, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов талапкер Сооронбай Жээнбековду үгүттөөгө катышканы үчүн эскертүү алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG