Бишкекте Өзбекстандын өнөр жай жарманкеси өтүүдө
Жума күнү Бишкекте Өзбекстанда чыккан товарлардын жарманкеси ачылды. Ага катышуу үчүн Өзбекстандын ар кайсы аймактарынан 200дөн ашуун ишканын өкүлдөрү келген. Көргөзмөдө азык-түлүк, жумшак оюнчуктардан тарта идиш-аяк, үй эмеректерине чейинки миң түркүн буюмдар сатыкка коюлду. Маданий иш-чара эки мамлекет президенттеринин расмий иш сапарынын алкагында өтүп жатат.