Жол акысын көтөрүүгө макулсузбу?
Бишкекте декабрь айында коомдук транспорттун жол киреси 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча программаны талкуулаган жыйында шаар башчысы Албек Ибраимов айтты. Анткен менен шаар тургундары жана коомдук транспорттун айрым айдоочулары жол кире кымбатташына кандай карайт?