Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Пакистан: экс-премьер Наваз Шариф Исламабадга кайтып келди


Наваз Шариф.
Наваз Шариф.

Пакистандын кызматтан четтетилген мурдагы премьер-министри Наваз Шариф Лондондо бир ай жүргөндөн кийин дүйшөмбү күнү кайра Исламабадга кайтып келди. Ал өзүнө коюлган коррупция айыптары боюнча 26-сентябрга белгиленген соттук териштирүүгө чакырылган.

Шарифти Равалпинди шаарындагы аэропортто бир катар саясий өнөктөштөрү, Пакистан мусулман лигасынын мүчөлөрү тосуп алышты. Алардын арасында Улуттук ассамблеянын төрагасы, маалымат министри, ички иштер министри бар.

Июль айында Пакистандын Жогорку Соту коррупция айыптарына кабылган Наваз Шарифти иштен кетирген. Соттук териштирүүгө 2016-жылы Панама досьесинде ачыкка чыккан маалыматтар себеп болгон. Иликтөөчүлөр тобу Шарифтин үй-бүлөсү офшордук компанияларда миллиондогон долларлык байлыгын каткан деген бүтүмгө келишкен. Бирок Наваз Шариф бул айыптарды четке кагып келет.

17-сентябрда Шарифтин депутаттык оруну үчүн кайра шайлоо өткөрүлүп, анын жубайы Кулсом Наваз депутат болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG