Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:56

Кыргызстанда өрт кырсыктары 44 кишинин өмүрүн алды


2017-жылдын сегиз айында өлкөдө катталган өрт кырсыктарынан 44 киши каза болду, анын ичинде эки бала бар. 21 адам ар кандай жаракат алышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, быйыл өткөн жылга караганда өрт кырсыктары 12,4 пайызга көп катталып, материалдык чыгымдар 378 миллион сомдон ашты. Жалпысынан 2557 өрт кырсыгы орун алган. Өрт кырсыктарынын 25 пайыздан ашыгында кургак чөп аянттары күйүп, 1 миллион 360 миң сомдон ашуун чыгым алып келди. Жай мезгилинде 654 жолу кургак чөп аянттарында өрт чыккан. Натыйжада 3500 гектардан ашуун токой, кургак чөп аянттары күйүп кетти.

Чагылган жана күн өтө ысык болгон убактан тышкары өрт кырсыктарына негизинен кайдыгерлик, балдардын этиятсыздыгы, өрт коопсуздук эрежелерин сактабоо, чылым тартуудагы, электр каражаттарын колдонуудагы шалаакылык себеп болгон.

Кыргызстанда былтыр өрттөн 49 кишинин өмүрү кыйылган. Быйылкы өрт кырсыктарынын 48,8 пайызы жеке сектордо чыккан жана Чүй облусу менен Бишкек шаары алдыңкы орунда турат. (NT)

XS
SM
MD
LG