Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.
Абулгазиев буга чейин Социалдык фондду башкарып, андан соң кийин КСДП партиясынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүндө биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.
Президенттик аппаратты башкарып келген Сапар Исаков өкмөт башчылыкка келгенде анын ордуна маалыматтык саясат бөлүмдүн башчысы Алмаз Үсөнов барган. (RK)