Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Евробиримдик Москваны Ахтем Чийгозду бошотууга чакырды


Крым татарлардын Межлисинин төрага орун басары Ахтем Чийгоз.
Крым татарлардын Межлисинин төрага орун басары Ахтем Чийгоз.

Евробиримдик Орусияны Крым татарлардын Межлисинин төрага орун басары Ахтем Чийгозду токтоосуз камактан бошотууга чакырды. Бул тууралуу биримдик 11-сентябрда тараткан билдирүүсүндө жазылган.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку соту Чийгозду "жапырт башаламандык уюштурган" деп таап, бир күн мурда сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Евробиримдик ошондой эле Межлистин дагы бир төрага орун басары Ильми Умеровду да бошотууну талап кылды. Аны орусиячыл бийликтер сепаратизмге айыпташууда.

Брюсселдин эсебинде, Орусияда экстремисттик уюм деп таанылган Крым татарларынын Межлисинин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу - бул элдин укугун одоно бузуу катары саналат.

52 жаштагы Чийгоз 2014-жылдын февралында Симферополдо болгон кагылышууларды уюштурду деген айып менен 2015-жылдын башында камакка алынган. Анда Крым парламентинин имаратынын сыртында украинчил активисттер менен орусиячыл активисттер кагылышкан.

Укук коргоо уюмдары сот процесстери бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешүүдө.

Москва Крымды 2014-жылдын март айында аннексиялап алгандан бери крым татарларынын активисттери Орусиянын ээлеп алышына каршы турганы үчүн дискриминацияга, кысымга жана куугунтукка кабылып келет.

XS
SM
MD
LG