Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Салянованын адвокаты сотко жана прокурорго ишенбөөчүлүк жарыялады


Аида Салянова
Аида Салянова

Бишкектин Ленин райондук сотунда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын ишин кароо уланууда. Эртең менен Салянова өзү Жогорку Кеңеште жумушта, ал эми жактоочусу Чынара Жакупбекова кичине баласы менен ооруканага жатып калганы тууралуу маалым болгонуна карабастан судья сот процессин башка күнгө жылдырган эмес.

Судья Кубанычбек Касымбеков прокуратуранын өтүнүчү менен сотко мамлекеттик адвокат дайындаган.

Бүгүн түшкү саат экиде уланган сотко депутат жактоочусу Чынара Жакупбекова менен келди. Жакупбекова сот жүйөлүү себептерди эске албастан, прокурорлор менен бир пикирге келип алганын айтып, эки тарапка тең ишенбөөчүлүк жарыялады. Ошол эле учурда жактоочу бул өтүнүчкө кандай чечим чыгарын билип турганын жашырган жок.

Салянованын буга чейинки сот отурумунда жактоочулар бир нече жолу сотко ишенбөөчүк жарыялаган, бирок судья Кубанычбек Касымбеков бардык өтүнүчтөрдү четке кагып келет.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG