Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Баку Коррупцияга каршы борбордун иликтөөсүн четке какты


Азербайжандын президенти Илхам Алиев.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев.

Азербайжандын өкмөтү Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны иликтеген борбору (OCCRP) бир күн мурда жарыялаган иликтөөнүн жыйынтыктарын четке какты. 5-сентябрда өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө төмөнкүлөр жазылган:

- Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны иликтеген борбордун баяндамасындагы айыптоолорго президенттин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кандай тиешеси жок.

Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны иликтеген борбор (OCCRP) Азербайжан бийлиги 2012-2014-жылдары Британиядагы жасалма компаниялар аркылуу үч миллиард доллардай арам акчаны адалдаштырганын билдирди.

Уюмдун 4-сентябрда жарык көргөн баяндамасында белгиленгендей, бул каражат кийин "баалуу буюмдарга" сарпталган жана Европадагы саясатчыларга пара катары берилген. Алар өз кезегинде Евробиримдикте Азербайжандын кызыкчылыктарын коргоп, өлкөдөгү адам укуктарын сынга алган резолюцияларды блоктоп келишкен.

Иликтөөнүн жыйынтыгы көргөзгөндөй, азербайжан бийлиги болжол менен немис саясатчы Эдуард Линтнерге, болгар саясатчысы Ирина Боковага жана италиялык саясатчы Лука Волонтеге пара беришкен.

OCCRP билдиргендей, Британиядагы жасалма компанияларынын эсебине түшкөн каражаттардын көбү Азербайжан банктарына, анын
ичинде мамлекеттик International Bank of Azerbaijan банкына караштуу болгон. Иликтөөнүн натыйжасында белгилүү болгондой, болжол менен эки миллиард доллар парага сарпталган. Ал эми каражаттын калган бөлүгү Азербайжандын жогорку даражадагы аткаминерлери, анын ичинде өлкө президенти Илхам Алиев менен байланышы бар структураларга бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG